Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Чүй облусунун имамдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту (фото)

Бүгүн, 8-октябрда Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын жыйындар залында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чүй облусунун Токмок, Кант, Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй райондорунун имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйынга имамдардан тышкары КМДБнын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы Доолов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Таажидин ажы Байтейитов, Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондун баш имам хатибтери, шаардагы мечиттин имамдары катышты.  

Жыйын учурунда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев аймактарды өнүктүрүүдө орчундуу 20га жакын маселеге токтолуп, анда ыйман жана адептүүлүк, коррупция менен күрөшүү, ысырапкорчулукту жоюу, тазалык, улут аралык ынтымакты бекемдөө, имамдардын эл менен кайсы тармакта иш алып баруу керектеги жана коомчулукта болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо багытындагы баяндамасын жасады.

“Аймактарды өнүктүрүүдө имамдардын жоопкерчилиги негизги оорунду ээлейт. Элде ыймандуулук болбосо өнүгүүнү болбойт. Өнүгүүнү ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Элди адептүүлүккө чакыралы, ислам динин асыл баалуулуктарын жайылталы. Улут аралык ынтымакты бекемдейли”,-деди Азирети Муфтий. 

Жыйын соңунда Азирети Муфтийге жергиликтүү тургундур тарабынан мечиттердин тазалыгы, кайрымдуулук уюмдардан жардам алуу, жаш балдардын таалим-тарбиясына көңүл буруу боюнча бир катар суроолорун берип, жоопторду алышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында дин кызматкерлери жана эл менен жолугушуу иш-чарасы буга чейин Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлүп келген.