Бөкөнбаев айылында уюштурулган аялдар борбору активдүү иш алып барууда

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында аялдар, кыз-келиндер менен иштөө, алардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулган “Ислам таануу” окутуу борбору активдүү иш алып барууну улантууда.

“Аталган борбор үстүбүздөгү жылдын башынан бери, өз ишин жигердүү жүргүзүп келет. Учурда аталган курстун 2-агымына окууну ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификат тапшыруудабыз”,-дейт Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов.

Аялдар, кыз-келиндер арасында экстремисттик идеологияны жайылтуунун алдын-алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында активдүү иш жүргүзүлүп, дагы да болсо эже-карындаштарыбызды кийинки агым билим алышууда.