Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Ысырапкерчиликти сооп иштерди жасап азайталы

Кечээ, 8-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Чүй облусунун Токмок шаарында болду.

Иш сапары аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында уюштурулуп, анда Чүй облусунун Токмок, Кант, Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй райондорунун имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйын учурунда Азирети Муфтий имамдарды элди ынтымакка, биримдикке чакырып, ысырапкерчилик менен биргеликте күрөшүүгө чакырды.

“Ысырапкерчиликти токтотуу үчүн ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Эл ысырапкерчиликти Алла Таалага жакпаган иш экенине ынанып, сооп иштерди кылганда гана азаят. Мисалы айылдарда чечилбей жаткан маселелер көп. Таза суу чыкпаган жерлер бар, көпүрө, жол, мектеп, бала бакча салалы. Имамдарыбыз дагы жергиликтүү айыл аксакалдары менен кеңешип, түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүшү керек”,-деди Азирети Муфтий.