Жети-Өгүздүн Жалгыз-Өрүк айылында жардамга муктаж 40 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бүгүн, 9-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылында жардамга муктаж 40 үй-бүлөгө тамак-аз азыктары таратылды. Бул туурасында райондук баш имам хатиб Акылбек уулу Талантбек билдирди.

Аталган айылдын имамы Сагынтай Абдырамановдун демилгеси менен Кувейт мамлекетинен өз атын атагысы келбеген жеке ишкер 40 үй-бүлөгө тамак-аш түрүндө жардам көрсөттү. Ар бир γй-бγлөгө 5 кг. эт жана азык-түлүк таратты.

Кеткен чыгым ар бир үй-бүлөгө 2000 сомду түзүп, 80 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталган.

«Кайрымдуулук иштерди аракетибизге жараша болуп жатат. Кайрымдуу бир туугандарыбыздын демөөрчүлүгү менен мындай сооптуу иштер жылына байма-бай уюштурулууда»,-деди баш имам хатиб Талантбек Акылбек уулу.