Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинин аль-Азхар университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 17-октябрда Египет мамлекетинин аль-Азхар университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Жолугушууда Азирети Муфтий Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасын терең өздөштүрүүгө чакырып, билим алуу менен бирге жаштардын ыйманын, адеп-ахлагын жана аларга туура жолду көрсөтүүдө салым кошууга чакырды.

«Илим-адам баласын зээндү кылуу менен бирге келечек муундарга туура багытты көрсөтүүгө жол ачыт. Андыктан алган билимиңерди, тажрыйбаңарды туура багытка колдонуп, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн өз салымыңарды кошууга чакырам»,-деди Азирети Муфтий.

Студенттер менен болгон жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев катышып, кандай гана маселе болбосун Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына кайрылууга чакырды.

Жолугушуунун акырында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев студенттердин окууларына ийгилик каалап, аль-Азхар университетин артыкчылык менен бүтүрүүгө жана башкаларга үлгү болууга чакырды.