«Бердалы» мечитинин алдыңкы тарабы бүткөрүлдү

Чүй облусунун Москва районундагы «Бердалы» атындагы борбордук мечитинин алдыңкы тарабы жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Москва районунун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жума күндөрү жаан-чачын жааган убакта жергиликтүү элге ыңгайсыздык жаралчу. Эми анын баары артта калды.

«Мындан бир ай мурда мечитибиздин айланасын оңдоп, айымдар үчүн намазкана курганбыз. Бул жолкусунда жамааттагы кайрымдуу жарандарыбыздын каржылоосу менен мечитибиздин алдыңкы тарабы жабылды. Жума күндөрү элдер көп болгон учурда жаан-чачым, күндүн ысык аптабынан сыртта калган жарандарыбыз ыңгайсыз абалда калышчу. Кудайым буюрса мындан ары мындай абал кездешпей турган болду», — деди Искендер ажы Жакеев.