«Чоюбек уулу Керималы» мечитиндеги китептер тыкыр көзөмөлдө

Бишкек шаардык казыятына караштуу «Чоюбек уулу Керималы» мечитине жамаат үчүн коюлган  бардык китептер тыкыр көзөмөлдө турат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда  аталган мечиттин имам хатиби Майрамбек Маматов билдирди.

Анын айтымында, ар бир мечитке коюлган китеп текшерилип анан коюлат. Негизги максат жалпы жамаатка ар кандай маңыздагы китептер жайылбашынын алдын алуу болуп саналат.

«Биз ар дайым китептерди текшерип анан мечитке коюп келебиз. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан да өкүлдөр келип, текшерип кетишти. Элибизге ар дайым Ханафи мазхабы жана матуруди акыйдасынын негизинде динибизди жеткирүүдөбүз»,- деди Майрамбек Маматов