Вознесеновка айылында жаңы ФАП жана мечит ишке берилди

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Вознесеновка айылына жаңы ФАП жана мечит элге пайдаланууга берилди. Бул тууралу бүгүн, 17-октябрда Панфилов районунун баш имам хатиби Джумабек ажы Дуванаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз элине эмгеги сиңген Саиб Баюми мырзанын демөөрчүлүгү менен фельдшердик акушердик пункт бардык заманбап шарттары менен аягына чейин бүткөрүлүп, тийишттүү жылытуу системасы менен камсыздалган. Ошону менен катар айылга жаңы мечит да ачылып, имамдын өзүнө кабинет, заманбап даараткана жана жаш балдар таалим-тарбия алуулары үчүн өзүнчө бөлмө да курулду.

Бул жагымдуу саамалыкка мамлекет жана диний кызматкерлер жана жергиликтүү эл катышты. Алардын арасында ЖК депутаты Динара Исаева, аким Мелис Раимкулов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Тажидин ажы Байтейитов, Панфилов районунун баш имам хатиби Жумабек ажы Дуванаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Эске сала кетсек, Панфилов районуна боюнча жалпысынан 27 мечит бар, азыркы учурда дагы 3 жаңы мечит курулууда.