Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египет Ислам изилдөө академиясынын башкы секретары шейх Назир Айаад менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулашты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев бүгүн, 17-октябрда Египет Ислам изилдөө академиясынын башкы секретары шейх Назир Айаад менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда тараптар аль-Азхар университетинен келген мугалимдердин санын көбөйтүү, Кыргызстандагы дин кызматкерлеринин квалификациясын аль-Азхар университетинен жогорулатуу, аль-Азхар университетинде билим алып жаткан Кыргызстандык студенттердин стипендия маселеси жана эки тараптуу кызматташууну мындан дагы жогорулатуу жаатында сүйлөшүштү.

Жолугушууда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египет Ислам изилдөө академиясынын башкы секретары шейх Назир Айаадка ыраазычылыгын айтып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эки тараптуу кызматташууну мындан дагы бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.