Чүй облусундагы райондук хатибияттар бир ай ичинде жасаган иштери боюнча отчёт беришти

Чүй облусуна караштуу бардык райондук хатибияттарда кезектеги айлык жыйындар болуп өттү. Жыйында имамдардын бир айда аткарган иштеринин отчетторун тапшыруу менен бирге, КМДБ жана казыят тарабынан чыгарылган буйруктар кандай иштелип жаткандыгы тууралу маалымат берүү менен башталды.

Хатибияттардын маалымат катчылары билдиргендей, Чүй аймагы боюнча биринчи орунда жүрүп жаткан маселе мечиттерди каттоодон өткөзүү. Бул маселе хатибияттардын бардыгында катуу каралып, колдон келишинче чаралар көрүлүүдө. Ошону менен катар улуттар жана диндер ортосундагы ынтымак, туура эмес агымдарга каршы күрөшүү, жаш муунду ыйман жана билимге үгүттөө маселелери талкууланды.

Жыйын аягында Сокулук хатибияты тарабынан имамдар ортосунда спорттук оюн өткөрүлүп, жеңүүчүлөр сыйланышты.