Бишкектин Биринчи Май районундагы мечиттердин документтерин тез аранын ичинде бүтүрүү тапшырмасы берилди

Бишкектин  Биринчи Май районундагы мечиттердин документтерин толугу менен бүткөрүлөт. Мындай тапшырманы бүгүн, 17-октябрда Биринчи Май районунун баш имам хатиби Идрис ажы Ахунбаев  имамдар менен болгон жыйында жалпы имамдарга милдеттендирди.

Анын айтымында, каттоодон өткөрүүдө өкмөт кызматкерлери менен да тыгыз иш алып барып, ишти тез аранын ичинде бүтүрүү зарыл.

«Ар кандай себептерден улам  кээ бир мечиттердин документтери белгилүү бир орунда токтоп турат. Биз бардык мамлекеттик органдардын талабындагыдай кылып мечиттин документтерин бүтүрүүбүз керек. Архитектура, сейсмология, ӨКМ болуп баарын так бүтүрүшүбүз керек. Мунун баары убакытты талап кыла турган маселе»,-деди Идрис ажы.