«Жанбото Ата» мечитинин жамааты бул жолу кургак учук илдети менен жабыркаган бир тууганыбызга жардам беришти

Бишкек казыятына караштуу «Жанбото Ата» мечитинин имам хатиби Камилжан ажы Муратовдун демилгеси менен уюштурулган кайрымдуулук иш-чарасы уланууда. Бул жолу көп жылдан бери кургак учук илдети  менен алышып келе жаткан Бакытбек мырзанын үйүнө зыярат кылышып, анын абалы менен жакындан таанышып 2200 сомдук акчалай жардам берип Алла Тааладан сакайып кетишин тилеп, бата кылды.

«Пайгамбарыбыз САВ оорулуларды зыярат кылгыла, батасын алгыла, анткени алардын дуалары кабыл болот»-деп айткандай биздин жамаатыбыз да Бакыт мырзанын абалын сурап, аз да болсо жардам берип келишти. Баарыңыздарды кайрымдуу болууга чакырып кетем»,- деди Камилжан ажы.