Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египеттин муфтийи шейх Шавки Аллаам менен жолугушуп, дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинин муфтийи шейх Шавки Аллаам менен жолугушуп, диний окуу жайлардын мугалимдерин жана имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, алар үчүн атайын Египет мамлекетинин Дин Башкармалыгынын алдында курстарды уюштуруу, дин башкармалыктар ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жаатында пикир алышты.

Өз кезегинде Азирети Муфтий бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемелеринин башкы катчылыгы тарабынан уюштурулган  «Фыкхий талаш-тартыштарды маданияттуу башкаруу» аталышындагы Эл аралык конференция жогорку деңгээлде өтүп, анда каралган маселелер бүгүнкү күндө маанилүү экендигин билдирди.

Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев дагы катышты.