Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов Чолпон айылынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 17-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов Чолпон айылынын тургундары менен жолугушту.

Айыл аксакалдары, жаштар, мектеп окуучулары менен жолугушууда Асантур ажы ыйман, адеп, адеп-ахлактуулук, туурасында баяндамасын жасап, элди ынтымакка чакырды.

Мындан тышкары айыл имамынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, эл менен тыгыз байланышта иш алып барууга тапшырма берди.