Талант ажы Сабриков: Адамга туура баа берүү үчүн, анын үч нерсесине көңүл бур

Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков Ленин атындагы мектеп гимназиясында «Табият менен таттуу мамиледе болуу ар бирибиздин милдетибиз » аталышта окуучуларга таалим-тарбия лекциясын өттү.

Окуучулар менен болгон жолугушууда Талант ажы Сабриков Кыргызстандын келечеги болгон жаш муундарды адептүүлүккө, татыктуу билим алууга чакырды.

“Мекенди сүйүү – куру сөз менен эмес, же болбосо кайсы бир улуттук кийимди кийип алуу менен дагы чектелбейт. Мекенди сүйүү – ага болгон кызмат кылуу менен болот. Маселен адамга туура баа берүү үчүн, анын үч нерсесине көңүл бур: мекенге болгон сүйүүсүнө, бир туугандарына жасаган мамилесине, өткөн өмүрүнө эсеп берүүсүнө. Андыктан ар бирибиз мекенибиздин гүлдөп өсүшүнө өз салымыбызды кошолу”,-деди Талант ажы Сабриков.