Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиевден окуучуларга 20 насаат

Талас шаарындагы №3 мектеп гимназисынын жогорку класстын окуучуларына Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев жана Талас шаарынын баш имам хатиби  Алтынбек молдо Бешкемпиров жакшы адамдын сыпаты туурасында окуучуларга тарбиялык сабак өтүштү.

Сабактын жүрүшүндө облус казысы адам баласына таандык болгон жакшы жана жаман сапаттар болоорун айтып, жакшы сапаттар адамды алдыга сүрөп өсүүгө түрткү берээрин, ал эми жаман сапаттар адамды бир кана артка тартып көп жакшылыктан куру калтыраарын баса белгелиди.

Инсандын жакшы сапаттарына кенен токтолуп, төмөнкүдөй насаатын айтты:

— Дайыма жайдары болуп, адамдарга жардамыңды аяба.
— Досуң менен жылуу жумшак сүйлөш.
— Алсыздарга көз кырыңды сал.
— Ачууң келгенде сабыр эт.
— Досуңа да, душманыңа да жумшак сүйлөгүн.
— Өзүңдөн жогору турган адамдар менен ойнобо.
— Кызматкерлериңе зулумдук кылба.
— Ичи тар, кара мүртөз адамдар менен маектешпе.
— Сараң менен сырдашпа.
— Наадан, билимсиз адамдар менен сөз талашпа.
— Туруксуз адам менен достошпо.
— Жалганчы менен мамиле жасаба.
— Урушчаак, чырлуу кишилер менен үлпөттө болбо.
— Аялдар сукбатында көп отурба.
— Сырыңды көп эле кишиге айтпа, айып издегенден кач.
— Сага ажат (иши) түшкөн кишини кордобо.
— Колуңдан келе турган ишке текеберчилик кылбай, башкаларга жардамыңды аяба.
— Эмне сатып алсаң да, жакшысын ал.
— Ар кандай иште сабырдуу бол. Сабырдуулук экинчи акыл.
— Ар кандай иште шалаакы болбо. Шашмалык кылып, кийин өкүнбө.