Абдирахман каары Атабаев: Тилдин сөөгү жок, тилден сынган көңүл көп

Мындай пикирди Ош облустук мусулмандар казыятынын алдындагы имам Бухарий Ислам институтунун ректору Абдирахман каары Атабаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата «Тилибизди сактайлы» аттуу иш-чарада билдирди . Иш-чарага аталган институттун ректору Абдирахман каары   Атабаев жана окутуучулар жамааты катышты.

«Тилдин сөөгү жок, тилден сынган көңүл көп. Чындыгында  жаман сөз айтуу менен көңүл ооруйт. Көңүлдүн ооруусу мамиленин бузулуусуна себеп болот. Ал эми мамиленин бузулуусу бөлүнүүгө себеп болот. Тескерисинче жакшы сөз айтуу көңүлдү көтөрөт. Көңүлдүн көтөрүлүүсү мамилени оңдоого себеп болот. Ал эми мамиленин оңолуусу биримдикке, ынтымакка алып келет». —  дейт институт ректору Абдирахман каары Атабаев.