Нурбек каары Орунбеков: Имам десе эле заманбап технологияны колдоно албаган мусулманды түшүнгөнүбүз туура эмес

Мындай пикирди Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев казыяттын жана имам хатибдердин медиа сабаттуулугун жоюу боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, дин кызматкерлеринин билимин жогорулатууда түрдүү багыттагы иш-чараларды уюштуруу керек.

“Дин таануучу дегенде эле технологияны, техникалык билимдерди же ачылыштарды колдоно албаган мусулманды түшүнүүбүз туура эмес. Биз мусулмандар, Пайгамбарыбыз (с.а.в) доорунда колдонулбаган же болбосо ал учурда жок болгон бардык пайдалуу каражаттарды колдоно алабыз деген түшүнүктү эл ичине жайылтуу керек”,-деди облус казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев.