Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас шаарында курулуп жаткан мечиттен кабар алып, документ иштерин бүтүрүү керектигин баш имамга милдеттентирди

 

Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүндө курулуп жаткан жаңы мечиттин курулушу иши менен жеринде таанышты.

Мечиттин курулушу менен таанышуу учурунда облус казысы мечитке тиешелүү болгон документтерди өз учурунда бүткөрүү керектигин баса белгилеп, Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек ажы Бешкемпировго тапшырма берди.

Эскерте кетсек, аталган мечитти салуу демилгесин Талас шаарынын жаштары көтөрүп, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулууда.