«Шаршенбай ажы» медресесинин 83 бүтүрүүчүсүнө сертификаттар тапшырылды

Бишкек шаардык казыятына караштуу «Шаршенбай ажы» медресесинин 83 бүтүрүүчүсүнө окуу жайды аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда аталган медресенин мүдүрү Мамбет ажы Осмонов билдирди.

Анын айтымында, окуу жайды аяктаган бүтүрүүчүлөргө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана медресе жетекчилиери сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырды.

«Биз балдарга орто мектептин программасы менен катар диний жактан да келечекке пайдубал болуп бере алуучу негизги түшүнүктөрдү балдарга жеткиргенге аракет жасайбыз. Балдардын аракетине жараша көп ийгиликтерге жетишине бардык шарттарыбыз бар,»- деп айтты Мамбет ажы Осмонов. 

Эскерте кетсек, «Шаршенбай ажы» медресеси 9-классты аяктаган окуучуларды кабыл алат. Окууну ийгиликтүү аяктагандарга орто мектепти бүткөн деген күбөлүк жана медресенин сертификаты берилет.