Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби №8 орто мектептин окуучуларын улуу муундун эмгектерин унутпоого чакырды

Кечээ, 15-октябрда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсаттар ажы  Эркинбеков шаардагы №8 орто мектептин окуучуларына элибизге белгилүү болгон Абдыкадыр Орозбеков менен Турдакун Усубалиевдин  өмүр таржымалдарын  жана кылган жакшы кызматтарын сүрөттөгөн ачык сабак өттү.

Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби окуучуларга өткөн муундагы ата-бабаларыбыздын келечек муун үчүн кылган эмгегин баалоо, унутпоо жана алардын аткарган жакшы амалдары биз үчүн үлгү болоорун баса белгиледи.

Ачык сабактын акырында  баш имам хатиб окуучуларды мекенге, элге кызмат кылуунун артыкчыларын айтып, келечекте  мамлекет, эл-жер үчүн кызмат кылууга чакырды.