Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев баш район хатибинин жетекчилерине жыйын өткөрдү

Бүгүн, 16-октябрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев баш район хатибинин жетекчилерине аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жыйын өткөрдү.

Иш-чарага облус казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев, окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акжол ажы Бакиров жана райондук баш имам хатибдери катышты.

Иш-чарада облус казысы имамдарга мамлекетти өнүктүрүүдө, калкыбыздын раханий жан дүйнөсүн байытууда дин кызматкерлеринин салымы чоң экенине белгилеп, элдин диний сабаттуулугун жогорулатуу үчүн атайын семинарларды өткөрүү керектигин баса белгиледи.

«Беш манжа бөлөк билек бир, жети район бөлөк тилек бир» демекчи бардык эле мусулмандардын тилеги бир болот. Айрымдары мекенибизге экономикалык же болбосо башка жактан  салымдарын кошуп жатса, сиздер раханий жагынан салым кошуп жатасыздар. Мына ошондуктан милдетиңиздерди так жана туура аткарышыңыздар керек”,-деди облус казысы Самидин каары Атабаев.