Сулайман-Тоо мечитинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган жыйын өттү

Ош шаарындагы дин кызматкерлерине «Сулайман-Тоо» мечитинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган жыйын өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Мурзабеков Исакбай Камалович, Ош шаардык мэриясынан Ажибаев Алишер, тил комиссиясынын өкүлдөрү, шаардагы баш имам хатибдер жана имамдар катышты.

Бул күнү келген өкүлдөр өздөрүнүн баяндамаларын жасап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери тыгыз кызматташтыкта иш алып барса коомчулукта ар кандай терс көрүнүштөр болбой тургандыгын билдиришти.