Самидин каары Атабаев: Адеп-бул дарак, илим анын мөмөсү

Адеп-бул дарак, илим анын мөмөсү. Мындай пикирди Ош облсунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев  Абу Ханифа атындагы Ислам медресесиндеги болуп өткөн семинарда билдирди. Аталган иш-чарага Ош облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн жетекчиси Акжол ажы Бакиров жана медересе окутуучулары катышты. Иш-чарада облус казысы жаштарды адептүүлүккө, ата-энени жана мугалимдерди сыйлоого, ишеним меслесинин өзөгү болгон Матурудий акыйдасын туура түшүнүүгө, рекетчилик жана уурулук сыяктуу терс көрүнүштөгү Ислам этикасына туура келбеген түшүнүктөрдөн оолак болууга чакырды. Муну менен катар облус казысы эктремзм  жана терроризмдин алдын алуу боюнча бир канча маалыматтарды берип, жаштардын окууларына ийгилик каалап, демине дем кошту.

«Адеп-бул дарак, илим анын мөмөсү. Дарак болбосо илим болбойт. Айрым адамдар ушундай илимдүү бирок адеби жок. Тагыраак айтканда мөмөсү жок дарак. Пайдалуу илим, адеп-ахлакты өзүнүн ордуна койгондо гана болот». –деди облус казысы.