Караколдун баш имам хатиби Талант ажы Сабриков эки буту баспай төшөктө жаткан бейтапка 32 000 миң сомдук жардам көрсөттү

Бүгүн, 16-октябрда Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районун Дейшин айылынын тургуну Таалай Баратовдун үйүнө зыярат кылып, жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен 32,000 миң сомдук акчалай жардам көрсөттү.

Анткени аталган жаран узак убактан бери эки буту баспай төшөктө жаткандыктан, чет өлкөдө жасалуучу операциясына каражаты жок бара албай келет. Кайрымдуулук жардамды баш имам хатиб өзү демилге көтөрүп чыккан.

“Оорулуу адамды зыярат кылуу, муктаждарга жардам көрсөтүү, мусулман биртуугандын зарылчылыгын бүтүрүү ж.б сыяктуу амалдар өтө сооптуу жана таалим-тарбия багытында да таасирдүү амалдар. Колубуздан келишинче кайрымдуулук иштерин кылып, муктаж биртуугандарыбызга жардамыбызды көрсөтөлү”,-деди баш имам хатиб Талант ажы Сабриков.