Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы  Мамасабиров жоокерлер менен жолугуп, элге кызмат кылуунун жоопкерчилиги тууралуу баяндамасын жасады

Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров Баткен шаарындагы №707 чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерге «Мекенди сүйүү» темасында лекция  өттү.

Жоокерлер менен жолугушууда Нурдин ажы мекенди коргоо,  сүйүү жана ага кызмат кылуу ар бир жарандын ыйык милдети экенине токтолуп, аларды адептүүлүккө, сабырдуулукка жана элге кызмат кылуунун жоопкерчилиги тууралуу баяндамасын жасады.

Эскерте кетсек, иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата уюштурулду.