Талант ажы Сабриков «Исламда аялдын орду» аталышта тарбиялык саатын өткөрдү

Бүгүн, 21-октябрда Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков “Исламда аялдын орду” аталышта Каракол шаарындагы медициналык колледждинде жана Өндүрүштүк Укук Москва Институтунун Каракол шаарындагы филиалында окуп жаткан студенттерге тарбиялык саатын өткөрүп, баяндама жасады.

“Хатибияттын иш-планынын негизинде бул өтүлүп жаткан тарбиялык сааттын максаты, Исламдагы аялзаты, эненин орду туурасында жаштарыбызга жеткирип, маалымат берип, аялзатын урматтоого чакыруу”,-дейт Талант ажы Сабриков. «Бейиш-эненин таман астында» деген чакыруунун негизинде, эненин ыйыктыгы, улуулугу, Исламда эненин, аялзатынын орду туурасында баяндамасын жасады.

Мындан сырткары салт жана дин түшүнүктөрү боюнча маалымат берилип, жалпы катышуучулар тарабынан келген кызыктыруучу суроолорго Талант ажы жооп берди.