Ысык-Көл облусунун Казысы Алмазбек ажы Сагындыков Кайырма-Арык айылын зыярат кылып, спорттук комплекстин ачылышына катышты

Бүгүн, 21-октябрда Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Ак-Суу районуна караштуу Кайырма-Арык айылынын тургундары менен жолугушту. Эл менен жолугушууда ынтымак, биримдик, ыймандуулук туурасында баяндама жасап, жаштарды ак эмгек кылууга, ата-энени сыйлоого чакырды.

Мындан тышкары айыл жаштарынын жана жеке ишкерлеринин демөөрчүлүгү менен салынган спорттук комплекстин ачылыш аземине катышып, айыл тургундарын куттуктап, дуба кылды.

«Бүгүнкү күндөгү коомубуздагы орчундуу маселе ысырапкорчулук болуп жатат. Бул нерсеге ар бирибиз күрөшүүгө салым кошуп, каршы турсак ысырапкерчилик акырындык менен жок болот»,-деди Алмазбек ажы Сагындыков.