Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусунун Кадамжай райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай райондук хатибиятына зыярат кылып, хатибияттын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Иш сапар алкагында Азирети Муфтий хатибияттардын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу керек экендигин айып, имамдар менен иштешүү жана алардын билим деңгээлин жогорулатуу, казыяттан келген тапшырмаларды өз учурунда аткарып, эң башкысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл менен биргеликте иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

Ал эми Кадамжай районунун баш имам хатиби Шакир ажы Маматов өзүнүн аткарыла турчу планын айтып, хатибияттын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, айыл аймагындагы имамдар менен бирге иштөө, жаштар жана аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,   жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу учурдун талабы экендигин билдирди.