Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Кадамжай районунда болду

Кечээ, 20-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун администрациясынын жыйындар залында район аймагындагы жалпы имамдарга жыйын өткөрдү.

Аталган жыйынга Азирети Муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Кадамжай районунун баш имам хатиби Шакир ажы Маматов катышты.

Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата уюштурулуп, анда Азирети Муфтий дин кызматкрелерине кайрылуу жасап, имамдардын жоопкерчилиги, ысырапкерчиликти алдын алуу, мечиттин тазалыгына көңүл буруу, жаштарды адептүүлүккө чакыруу тууралуу баяндамасын жасады.

Мындан тышкары иш-чараны уюштурууда Кадамжай районунун администрациясына ыраазычылыгын билдирип, элдин руханий жан дүйнөсүн байытууда, өз ара улут аралык ынтымакты бекемдөөдө, Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууда имамдар эл менен тыгыз иштешүү керектиги баса белгиленди.