Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев мектеп окуучуларын татыктуу билим алууга чакырды

Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылындагы Газы Малаев атындагы орто мектебинин 9-класстын окуучулары менен район баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жолугушуп, аларды татыктуу билим алууга жана жаштарды адептүүлүккө чакырды.

Алгач район баш имам хатиби Миржалал ажы жаштар менен баарлашып, аларга билимдүү, аң сезими тунук жаштарыбыз барда биздин келечегибиз кең болоорун баса белгиледи.

Андан тышкары коомчулукта өзүн алып жүрүү тууралуу өз тажрыйбасынан жана улуу инсандардын калтырган насаатары менен бөлүштү.