Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаардагы жалпы имамдарга жыйын өткөрдү

Бүгүн, 21-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев борбордук “Сулайман-Тоо” мечитинин жыйындар залында шаардагы жалпы имамдар үчүн жыйын өткөрүп, мечиттин тазалыгына тыкыр көңүл буруу керектигин эскертти.

Ал эми Ош шаардык казыятынын кызматкерлери да бир канча тапшырмаларды берүү менен бирге мындан кийин ар бир мечитти маал-маалы менен текшерүү болоорун жана жергиликтүү эл менен тыгыз иш алып баруу керектиги баса белгиленди.