«Жанбото Ата» мечитинин жамааты жардамга муктаж 5 үй-бүлөгө азык-түлүк жана кийим кече беришти

Бишкек казыятына караштуу «Жанбото Ата» мечитинин жамааты жардамга муктаж 5 үй-бүлөгө азык -түлүк жана кийим кече берип, жардам беришти. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда аталган мечиттин имам хатиби Камилжан ажы Муратов билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чара 6 айдан бери улантылып келе жатат жана башында аз аздан башталып, күн санап жамааттын катарына сооптуу иш кылам деген момундар артып жатат.

«Пайгамбарыбыз (САВ) айтып бизге эң чоң үлгү жана бизге турмуштук сабактардын эң мыктыларын үйрөткөн киши. Ал өз хадисинде «жылмаюу дагы садака» деп айткан. Ошондуктан садаканын, жардам берүүнүн аз же көбү болбойт. Эң негизгиси чын жүрөктөн Аллах үчүн жасасак ошол нерсе жакшыраак болот»,- деди Камилжан ажы.