Ош шаарындагы мечиттерде  кыш мезгилине даярдык иштерин текшерүү иши башталды

Бүгүн, 22-октябрда Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери шаардагы ири мечиттин бири “Калкожо Эшан” мечитин текшерүүгө алышып, кыш мезгилине канчалык деңгээлде даяр экенин текшерип чыгышты.

Аталган мечиттин имам хатиби Баатыр ажы Гыязов жана мечит кызматкерлери кыш мезгилине күн мурунтан даярдык көрүшкөнүн, жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн билдиришти.

Мындан ары да дагы Ош шаардык казыятынын кызматкерлери калаадагы башка мечиттерди дагы текшерүүгө алышып, эгер тийишттүү даярдыгы жок болсо имамдарга эскертүүлөр берилмекчи.

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпысынан 78 мечит бар.