Калыс-Ордодогу 10 үй-бүлөгө мечиттин жамааты 13 000 сомдук азык-түлүк таратты

Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаардык казыятынын алдындагы «Латифа» мечитинин жамааты мечиттин аймагындагы 10 үй-бүлөгө азык-түлүк алып, жардам беришти. Иш-чаранын демилгечиси болгон Нурбек ажы Исманалиев мындай саамалык  эки жылдан бери үзгүлтүксүз ай сайын уланып келүүдө.

Кээ бир айларда зекет берүүчүлөр мечит аркылуу таркатышып, ар бир үй-бүлөгө 5 000 сомго чейин жардам беришүүдө.

«Аллах Таала ар дайым көрүүчү жана билүүчү. Биз жакшы ниет менен элге багыт берип, кайрымдуулукка, сабырдуулукка чакырып мусулмандардын бейпилчилигине кызмат кылсак, албетте акыретте Аллахым эселеп кайра берет. Бул иш-чаранын артынан түшүп такай көзөмөлгө алган Саламат аттуу бир тууганыбызга жамааттын атынан терең ыраазычылык билдирип кетем»,- деди Нурбек ажы.