Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев 95 жаштагы Жамалбек карыянын үйүнө зыярат кылды

Бүгүн, 22-октябрда Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Абдусамат уулу Өмурзак ажы Талас районунун Хан-Бүргө айылынын тургуну 95 жаштагы Жамалбек аксакалдын ал абалы менен жакындан таанышып, зыярат кылышты.

Талас өрөөнүнө Жамалбек Женжегараев карыя элдик дарыгер табып болуп эмгеги сиңген ардагер инсан. Өзүнүн өрнөктүү өмүр жолунда айылда 45 жыл имам болуп, Талас районунда да 5 жыл баш имам хатиб болуп элге кызмат кылгын.

“Эр эмгегин жер жебейт” дегендей Талас облусунун казыяты Жамалбек карыянын эмгегин, мээнетин баалап зыярат кылышты.

“Жамалбек аксакал Талас облусунун жашы карысы дебей баары таанып, урматтап келет. Себеби сиз күн-түн дебей Алланын ыраазычылыгы үчүн элге кызмат кылдыңыз. 95ге келсеңиз да жаштарга жакынкы имамдарга акыл-насаатыңызды айтып, башкаларга өрнөк болуп келесиз. Жараткан сизге бекем ден соолук, кадырман карылык берсин»,-деди Таалайбек ажы.

Ал эми Жамалбкек карыя Талас облусунун мусулмандар казыятына терең ыраазычылыгын билдирип, казыяттын ишине ийгилик каалап, ак батасын берди.