Жаңы-Жер айылында мектеп менен медресе ортосунда волейбол боюнча достук оюну өткөрүлдү

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында «Равза» медресесинин окуучулары жана Жаңы-Жер орто мектебинин окуучулары арасында волейбол боюнча достук оюн болуп өттү.

Аталган иш-чара «АВЕП» фондунун демөөрчүлүгү жана «Равза» медресесинин демилгеси менен уюштурулду.

Алгач оюн алдында «Равза» медресесинин мүдүрү Ускенбай ажы Каландаров сөз сүйлөп, окуучуларга ийгилик каалады.

«Күчтүү, ден соолугу чың мусулманды Аллах Таалам бөтөнчө жакшы көрөт. Ошондуктан, ар дайым спорт менен машыгып, ден соолукка зыян берген нерселерден оолак болушубуз керек. Өтүп жаткан оюндан максат башыбызды бириктирип, жакындан таанышуу. Андыктан ынтымакта ойноп, жакшы эс алып кетели. Бардыгыңыздарга ийгилик», — деди «Равза» медресесинин мүдүрү.

Беттештин жыйынтыгында «Равза» медресесинин окуучулары 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга жана жеңген командага акчалай сыйлык жана грамота тапшырылып, мындан ары да достук оюндарын өткөрүп турууну мектеп жетекчилиги менен макулдашылды.