«Равза» медресесинин студенттери медициналык кароодон өтүштү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Равза» медресесинин студенттерине  Жаңы-Жер айылынын ооруканасынан дарыгерлер келип жеке гигиена тууралуу маалымат берип, медициналык текшерүүдөн өткөрүштү.

Бул тууралуу бүгүн, 22-откбярда «Равза» медресесинин мүдүрү Ускенбай ажы Каландаров билдирди. Анын айтымында, илим алуу үчүн эң биринчи талап кылына турган нерсе бул тазалык, тазалык эң биринчи өздүк гигиенадан башталат.

«Илим бул – нур. Ал күнөөкөр, кир жүрөккө жукпайт. Ошондуктан, биз ички дүйнөбүздү да, сыртыбызды да таза алып жүрүүгө тийишпиз. Ислам дини тазалыкка курулган. Мына ошол тазалык алгач жеке гигиенадан башталат. Ошондуктан, биз балдарга өздүк гигиенаны үйрөтүүнү туура көрдүк», — дейт медресе мүдүрү.