Ударник айылында «Салих Аль-Наххам» атындагы жаңы мечит ачылды

Чүйдүн Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ударник айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди.

Мечит бардык шарттары менен, Кувейт мамлекетинин тургуну Абу Аюб мырзанын каржылоосу менен салынды.

Мечиттин ачылыш аземине демөөрчү Абу Аюб мырза, Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев жана жергиликтүү тургандар катышты.

Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев билдиргендей, мечитке «Салих Аль-Наххам» деп ат берилип, ал жакта имам да бекитилди.

«Мечит – бул Жараткандын үйү, Кудай Таалага эң жагымдуу жерлер. Районубузда дагы бир мечит ачылып, бул жагымдуу саамалыкка күбө болуп, куттуктоо сөздөрүн айтып, жергиликтүү жамааттын сунуштоосу менен мечит имамын бекитип келдик»,-деди райондун баш имам хатиби.