Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев имамдардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Бүгүн, 23-октябрда Ысык-Көл районунун имамдарынын кезектеги жыйыны Өрнөк айылынын  мечитинде өттү. Анда райондун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев имамдардын иштери менен жакындан таанышты.

Ал өз сөзүндө 2019-жылга карата түзүлгөн иш пландын негизинде  аткарылган иштерге токтолуп, КМДБдан келген буйруктардын аткарылышы, мечиттердин тазалыгы, жылуулугу, коомчулукка болгон түшүндүрүү иштер жана айлык отчетторду тапшыруунун тартиптерин кароо, үшүр-зекеттин пазилети туурасында токтолду.

Жыйындын соңунда имамдарга коомчулук менен тыгыз байланышта иш жүргүзүүнү бекемдөө, жаштарыбызга, мектеп окуучуларына түшүндүрүү сабактарын уюштуруу ишин күчөтүү талабы коюлду.