Талант ажы Сабриков: жаштарга туура, татыктуу билим берүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз

Бүгүн, 23-октябрда Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков мэрия тарабынан өткөрүлгөн жыйынга катышып, жаштарга туура багыт берип, татыктуу билим берүүгө баарыбыз өз салымыбызды кошуу керектигин билдирди.

“Коомчулукка, жаштарга туура таалим-тарбия, татыктуу билим берүү жана динди туура, өз тартибинде жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз.  Себеби бүгүнкү өспүрүмдөр эртеңки биздин, мамлекетибиздин келечеги. Коомчулук менен бирге иш жүргүзүү зарылдыгын кароо бүгүнкү отурумдун максаты”,-деди Талант ажы Сабриков.

10-бөлүм, шаар-райондук билим берүү бөлүм өкүлдөрү катышкан бул отурумда, мектеп окуучуларына, аялдарга, жергиликтүү жамааттарга сабактар уюштурулуп, түшүндүрүү иштерин өткөрүү атайын иш мерчемдин негизинде жүргүзүлүшү керектиги белгиленди.