Тоң районунун Кара-Коо айылынын мечити оңдоп-түздөөдөн толук өткөрүлүп, эл кызматына берилди

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылындагы мечит толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда райондун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин мечиттин абалы өтө начарлап, даараткана, ажатканасы толук иштен чыккандыктан айыл имамы Мелис Турсуниязовдун демилгеси менен бүгүнкү күндө мечит толук оңдоп-түздөөдөн өтүп, кайрадан эл кызматына берилди.

«Ушуну менен катар эле Куран алиппесин окутуу үчүн атайын окуу класстары жасалгаланып, окуу китептери менен камсыз болуп, учурда 22 балага Куран алипеси сабагы окутулуп жатат. Оңдоп-түздөөдөн кийин мечитти эл кызматына тапшыруу аземине демөөрчүлөр, хатибият жамааты, имамдар, айыл аксакалдары жана жаштар катышып, демөөрчү тарабынан Куран китебин белеке алышты»,-деди Таалайбек ажы Акунов.  

Эскерте кетсек, мечиттин оңдоп-түздөө иштери толугу менен “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган.