АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фондунун президенти Мухаммад Башар Арафат дин кызматкерлери менен жолугушту

Бүгүн, 23-октябрда Кыргызстан Ислам университетинин жыйындар залында АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фондунун президенти, дин аалымы Мухаммад Башар Арафат дин кызматкерлери жана студенттер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана дин кызматкерлери, КИУнун окутуучулары, студенттери катышты.

Студенттер менен жолугушууда Мухаммад Башар Арафат Америкадагы ишмердүүлүгү жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, Ислам динин асыл баалуулуктары, терроризм менен күрөшүү, АКШдагы бүгүнкү Ислам динин абалы туурасында баяндама жасады.

Жолугушуунун соңунда Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жалпы дин кызматкерлердин атынан белек тапшырып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен АКШнын Цивилизациялар аралык кызматташтыгы жана алмашуу коомдук фондунун мындан аркы кызматташтыгы бекемделе бере тургандыгын билдирди.