Жайыл району боюнча мектептерде окуучуларды адеп-ахлакка чакыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы № 3 жана 4 – мектептин окуучуларына адеп-ахлак, билимге болгон умтулуу, ата-энени урматтоо, мугалимдерди сыйлоо жана ар кандай туура эмес агымдардан алыс болуу темасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чарага Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев, Жайыл райондук ИИБнын экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Данияр Кадыралиев окуучуларга бүгүнкү күндө зарыл болгон таалим-тарбиялык лекцияларын окушту.

Бул тууралу Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, келечекте жумасына 2ден мектеп кыдырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүп турушмакчы.

«Бардыгыбызга маалым болгондой эле мындай жыйындар суроо-жоопсуз өтпөйт. Бул жолу да жыйын аягында суроо-жооптор болду. Ушундай эле түшүндүрүү иштери Новониколаевка, Полтавка жана Алексеевка айылындагы мектептерде болуп өттү. Келечекте жумасына 2 мектепти кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү пландаштырылды. Бул иш-чара Жайыл районунун акимиятынын, Жайыл РИИБнын жана Жайыл райондук хатибияты болуп бергеликте алып бара жаткан иш планы боюнча жүргүзүлүүдө», — деди Нурдан ажы Өмүралиев.