Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Үкү Ата медресесинин мугалимдери жана окуучулары менен жоолугуп, медресенин ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Бүгүн, 23-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Өмүрзак Абдусамат уулу  Талас районунун Манас айылында жайгашкан Үкү Ата медресесинин мугалимдери жана окуучулары менен жоолугуп, медресенин ишмердүүлүгүн,  кышка карата даярдыгы менен таанышты.

Окуучулар менен болгон жолугушууда облус казысы билим алуунун артыкчылыгы тууралуу токтолуп, мүмкүн болушунча татыктуу билим алууга чакырды.

«Пайгамбар (САВ) ар бир мусулманга билим, илим алуу өтө зарыл экендигин дайыма баса белгилеп, мүмкүн болсо өмүрдүн акырына чейин илимди тереңдеп казуу керектигин айткан. Мына ушул насааттарды, салттарды бекем карманып мусулман башчылары өлкөдө  ар бир мусулман баласы жаш курагына жараша тиешелүү билим алуусуна көңүл буруп, билим борборлорунун өнүктүрүүгө,  жалпы эле илим-билимге  чоң маани беришкен. Андыктан илимдүү жаштардыны келечеги кең болгондуктан азыртан убактыңарды татыктуу билим алууга жумшагыла»,-деди Таалайбек ажы Бапиев.