Зекет — мал, мүлк, байлык менен жасалган ибадат

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында район баш имам хатиби Абдумажид Сагынбаев молдо айыл аксакалдары менен жолугушуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө зекеттин жана үшүрдүн эсебинен жардам берүү ар бир адамдын милдети экенин баса белгиледи.

«Зекет берүү парз, анткени зекет бул Алла Таала буйрук кылган парз ибадат. Мындайча айтканда зекет — намаз, орозо жана ажылык сыяктуу эле парз болуп эсептелет. Зекет бул Исламдын беш түркүгүнүн бири. Намаз менен зекеттин ортосундагы айырма бул эгерде намаз дене ибадаты болсо, ал эми зекет пенденин малы менен кылынган ибадаты»,-Сагынбаев молдо