Мамлекеттик кызматкерлер “Али ибн аби Толиб” ислам медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 23-октябрда КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Талас облусундагы өкүлү Чынара Осмоналиева, Талас районунун социялдык өнүгүү бөлүмүнүн өкүлү Токтосун Байкишиев  жана Кум-Арык айылынын социалдык кызматынын адиси Бакиеда Динара Талас районунун Кум-Арык айылындагы “Али ибн аби Толиб” ислам медресесинин абалы жана окуучуларга кандай билим берилип жатканын жеринде таанышты.

Аталган медресесинин мүдүрү Медер ажы Сагынбаевдин айтымында, окуучулар бир гана диний билим менен чектелип калбастан заман талабына ылайык, ашпозчулук кесибин дагы өздөштүрүп жатышкан маалы.

“Бүгүнкү күндө балдар үчүн жатып окуганга жана кошумча кесиптик багытта да билим алганга бардык шарттар түзүлгөн. Медресенин сабагы бүткөндөн кийин “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында бардык шарты менен «АВЕП» кайрымдуулук фондунун жардамы аркылуу кондитердик жана аш позчулук кесибин да окуп жатышат”,- деди ал.

Ал эми Чынара Осмоналиева медресенин окуучулары ар тараптуу билим алып жаткандагы алардын келечегине абдан жакшы өбөлгө түзөөрүн белгилеп, медресе мугалимдерине жана жетекчилигине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.