Ош шаарындагы “Сражидин” мечитин оңдоп-түзөө иштери башталды

Ош шаардык мусулмандар казыятынын “Сражидин” мечити жума намазы окулган мечиттердин катарында болгондуктан анын айланасы иретке келтирилип, алдыңкы тарабы салынууда. Бул тууралуу бүгүн, мечиттин имамы Абдурашид ажы Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жума күндөрү ибадат кылгандардын саны көп болгондуктан жаан-чачын убагында мечиттин тардыгынан ыңгайсыздыктар жаралчу.

“Жамаатыбыз менен биргеликте мечитке шарт түзүп берүү максатында оңдоп-түзөө иштери баштадык. Мечиттин айлаансын намаз окуу үчүн ыңгайлуу кылып береле деп турабыз”,-деди Кадыркулов.