Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев: “Балдарыбыз көп кырдуу билимге ээ болушу керек”

Кечээ, 23-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев казыят кызматкерлери менен биргеликте “Абдумуталиб каары” атындагы Куран окуу борборунда окуган балдар менен жолугушту.

Жолугушууда борбордун окуу программасы менен таанышып, билим берүүнүн сапатына көңүл бурушту.

“Окуу борбордо бир гана Куран окутулгандыктан мындан башка диний билим берүүнү дагы кошуп окутуу керек. Балдарыбыз канчалык көп кырдуу билимге ээ болгондо гана келечекте, коомчузга өзүнүн кийинки жашоосуна баа жеткис байлык болуп бермекчи”,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Ал эми окуу борбордун мүдүрү Абдурашид каары Кадыркулов: “Окуу борбордогу балдар  бир, эки саатка келип кетишет дагы Куран жаттоону үйрөнүшүүдө”,-деди борбордун мүдүрү.