Нарын казысы Мамбетасан ажы Ибраев окуучуларга тарбиялык сабак өтүп, «Эмне үчүн китеп окушубуз керек» деген китебин белеке берди

Кечээ, 23-октябрда Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин окуучулары менен жолугушуп, аларды билимдүүлүккө, адептүүлүккө, ыймандуулукка чакырган тарбиялык сабак өттү. Облус казысынын калемине таандык «Эмне үчүн китеп окушубуз керек» деген китеби туурасында маалымат берип, окуучуларга китеп белек кылды.

Ошондой эле, облус казысы 22-октябрда Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектебинин 8-9-10-11-класстын окуучулары менен жолугушуп, аларга дагы билим алуунун зарылдыгына, убакытты туура пайдаланууга чакырды.

«Өнүккөн мамлекеттин бардыгы бир учурларда окуп, изденип, анан ийгиликке жетишкен. Алар азыркы күндө деле билимдүүлүккө умтулууда. Биз дагы изденбей, эмгектенбей ийгиликке жете албайбыз. Андыктан жаштайыңардан жалкоолукка, үмүтсүздүккө жол бербей, бир гана алдыга карай умтулгула. Сырткы сулуулукка көңүл бургандай ички сулуулукка да көңүл бургула», — деди Мамбетасан ажы Ибраев.